Былтыр Мамкурулуш 103 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берген

31 января 2023, 10:55

Былтыркы жылы Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү тарабынан жалпы реестрге 3205 объект киргизилген. Анын ичинен 2575 капиталдык курулуш объектилери, 630 чакан курулуш объектилери. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиясында белгилүү болду.

Ошондой эле, өткөн жылдын 12 айында 1587 объект, анын ичинен 103 көп кабаттуу турак-жай, 73 өнөр жай объекти, 201 социалдык-маданий объекти, 58 тиричилик объекти, 611 башка объект жана 427 кичи объект пайдаланууга берилди. 

Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан 1739 долбоор кабыл алынган, 1344 долбоор оң корутунду алган, 254 долбоор кайра кароого кайтарылган.