Мамлекеттик органдар көбүнчө дебитордук жана кредитордук карыздарды жашырышат

18 июня 2021, 11:40

Мамлекеттик түзүмдөрдүн каржылык мыйзам бузуулары 2019-жылы 1,5 миллиард сомдон ашты. Текшерүүнүн жыйынтыгын Эсеп палатасы билдирди.

Эсептердин көпчүлүгү дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар боюнча дээрлик 552 миллион сом болгон. Ал эми максатсыз пайдаланылган каражат 422,2 миллион сомду түзгөн.

Салык жана бажы мыйзамдарын бузуу - 246,4 миллион сом, эмгек акыны негизсиз төлөө - 121,4 миллион сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу - 63,3 миллион, курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо - 60,6 миллион сом деп эсептелген.

Акча жана материалдык баалуулуктардын тартыштыгы жана уурдалышы 10,7 миллион сомду түздү.