Мамлекеттик сатып алууларды тендердик комиссиянын кароосу жок жүргүзүү сунушталууда
Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар тендердик комиссиянын кароосу жок жүргүзүлөт. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунда 3-берененин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун “Сатып алуулар боюнча комиссия” күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.
Сунушталган долбоор президенттин сайтында жарыяланды.