Мамлекеттик баалуу кагаздар листингдин жогорку категориясын алды
Каржы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздары Кыргыз фондулук биржасынын листингине кирди. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды.
Каржы министрлигинин жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдери жана жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казына милдеттенмелери биржанын расмий тизмесине (листинг) "А" категориясына (жогорку категория) кирди.
Тиешелүү чечимди “КФБ” ЖАКтын листингдик комиссиясы кечээ, 15-июнда кабыл алды.