Бала бакчалардын коммуналдык төлөмдөрүн мамлекет өз мойнуна ала алат – Жапаров

4 ноября 2022, 11:01

Бала бакчалардын коммуналдык төлөмдөрүн мамлекет өз мойнуна ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда парламенттин “Ата Журт Кыргызстан” менен “Мекенчил” фракцияларынын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Министрлер кабинети мектепке чейинки мекемелердин саясатын түп-тамырынан бери өзгөрткүсү келет.

“Бала бакча ачуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык станциядан жана өрт өчүрүүчүлөрдөн уруксат алуу керек. Коммуналдык төлөмдөрдү мамлекет өзүнө алуу үчүн ушундай вариантты карап жатабыз. Жергиликтүү бийликтен, ата-энелерден, тарбиячылардын айлыгы жана балдардын тамак-ашы гана болот. Ошондой эле, мектептерде бир сменалык бала бакчаларды ачууну пландап жатабыз”, - деди ал.