Караколго мамлекет дээрлик 300 млн сомго 9 кабаттуу үй курат

18 января 2023, 09:33

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти Каракол шаарында көп кабаттуу үй курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 298 миллион 498 миң 630 сомду түзөт. Бул каражатка куруучу келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде Кашка-Суу кичи районундагы 105-сериядагы ири панелдүү темир-бетон плиталарынан 9 кабаттуу үй курууга тийиш.