Мамлекет бюджетке жылдык 12,5% менен 252 млн сом тартты

13 октября 2021, 12:31

Ушул жылдын 8-октябрында өткөн мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгында Кыргызстандын ички карызы 252 миллион сомго көбөйдү.

12-октябрга карата облигациялар боюнча ички карыз 59 миллиард 878 миллион 746,1 миң сомду түздү.

Мамлекет 3 жылдык мамлекеттик облигацияларды 12,49% жайгаштыруу менен 252 миллион сом тартканы маалым болду.