Мамлекет 35,6 млн сомдук бала бакчаларды кайтарып алды

24 июля 2023, 10:03

Ысык-Көл облусунда жеке менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган.

Алар Ак-Суу районунун Ак-Булун айылында, Тоӊ районунун Арчалы айылында жана ушул эле райондун Бөкөнбаев айылында жайгашкан.