Мамлекет үч жылдык облигацияларды 12.49% менен жайгаштырды

8 октября 2021, 17:01

Бүгүн өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча үч жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча кирешелүүлүк 12,49%ды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Аукциондо 250 миллион сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу пландаштырылган.

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги октябрь айына 910 миллион сомго мамлекеттик облигацияларды чыгарууну пландаштырганын кошумчалайбыз.