Мамлекетке 8,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

25 июня 2021, 09:00

Бажы кызматкерлери тарабынан спорттук товарлардын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келип, сатылгандыгы аныкталды. Мамлекетке келтирилген зыян 8,5 миллион сомдон ашканын аталган мекемеден билдиришти.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, экспорттук декларациянын негизинде бажы жагынан жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду. Товарлар Бишкектеги спорттук дүкөндөрдүн бирине келип түшкөн.

Дүкөндүн кызматкерлеринин айтымында, жумушка болгон шалаакы мамиле жана Европанын логистикалык компанияларынын каталарынан улам, жеткирүү документтеринде туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Товарлар чекене соода түйүндөрүнө мыйзамсыз сатылган.

Мыйзамга ылайык, эми дүкөн дагы жоопкерчиликке тартылат. Себеби иштин мыйзамсыз экендигин билген.