Баткен: Мамлекетке 1,9 млн сомдук зыян келтирилген

30 июля 2021, 18:00

Баткен шаарында тротуар курулуп жатканда мамлекетке 1,9 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен шаарынын Разаков көчөсүндө жайгашкан жол тутумун курууда аткарылган иштерге ашыкча баа берүү фактысы аныкталды. 2019-жылдын 25-декабрында шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери подрядчик "Ч.С." ЖЧКдан 2 млн 964,7 миң сом суммасында сугат арыгы бар тротуардын курулушун кабыл алышкан.

Бирок, текшерүүдө подрядчик сметада каралган 1 миллион 917,4 миң сомдук асфальтты төшөбөгөндүгү аныкталды.

Бул иш боюнча учурда сотко чейинки процесстер башталды.