Ошто 40 млн сомдук айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

17 марта 2023, 10:45

Ош облусунда 40 миллион сомдук айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нариман айыл өкмөтүндөгү 0,70 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталып, анын натыйжасында менчик укугун жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз берилген. 

"Соттук кароонун жыйынтыгы менен жер участогуна жеке менчик укугун тастыктаган документтер жокко чыгарылып, прокурордун токтомунун негизинде жер тилкеси Оштун Нариман айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды", - деп белгиледи Башкы прокуратура.