«Инфоком» мамлекеттик номурлардын материалдары үчүн 239 млн сом коротот

26 мая 2021, 12:00

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы автотранспорт каражаттарына мамлекеттик номурларды жасоо үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 239 миллион сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, 230 миллион сом атайын плиталарга, ал эми тогуз миллион сом мамлекеттик номерлерди сырдоо үчүн жылуулук берүү пленкасына жумшалат.