УКМК: «Кыргыз темир жолунда» кезектеги коррупциялык схема аныкталды

5 ноября 2020, 15:35

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу учурундагы кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткондугу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды.

Мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгы түрүндөгү терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

2020-жылдын 4-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.