Майрам күндөрүнүн алдындагы калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги

28 декабря 2021, 15:43

Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты тейлөө борборлорунун майрам күндөрүнүн алдындагы иштөө графигин жарыялады. Тактап айтканда, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндөрүнүн иштөө тартиби жарыяланды.

Министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2022-жылдын өндүрүштүк календарына ылайык, алар 1-январдан 9-январга чейин жумуш эмес күн деп жарыяланды. 

КТБ менен ЖААККПКБ өлкө боюнча 2022-жылы 10-январынан тарта ишин баштайт.
Ага ылайык, аталган министрлик жарандарды алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен алдын ала даярдалган документтерди каттоо жана кабыл алуу маселелерин колго алууну суранышат.

Кошумчалай кетсек, 31-декабрда калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы 1 саатка кыскарат:

29-декабрь: 9.00дөн 18.00гө чейин;
30-декабрь: 9.00дөн 18.00гө чейин;
31-декабрь: 9.00дөн 17.00гө чейин.
1-январдан 9-январга чейин - дем алыш күндөрү.