Кыргызстандыктар Орусияга "COVIDсиз саякаттоо" тиркемеси менен гана кире алышат

21 июня 2021, 10:40

1-июлдан тартып Орусияга кирүү "COVIDсиз саякаттоо-19" тиркемеси менен гана мүмкүн болот. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди.

Ал белгилегендей, кыска убакыттын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аталган тиркемеге кошулушун камсыз кылуу пландаштырылууда.

"Бул өзгөчө маанилүү, анткени өкмөт башчынын орун басары Алексей Оверчук буга чейин 1-июлдан тарта Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын кириши үчүн бул колдонмону колдонууну милдеттүү деп жарыялаган. 1-сентябрдан тарта КМШ өлкөлөрү үчүн дагы милдеттүү болот", - деди Саркисян.

Бул тутумга Кыргызстан ушул жылдын 1-апрелинде кошулган.