Өзбекстанга 1-сентябрдан тарта ID-карт менен кирсе болот

25 августа 2023, 12:58

1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.  

Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 60 күн, кирген жаран 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек. 

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбооруна Министрлер кабинети менен Өзбек өкмөтү быйыл 27-январда кол койгон.