Греция мигранттар үчүн салык төлөмдөрүн жеңилдетиши мүмкүн

13 ноября 2020, 10:00

Грециянын өкмөтү мигранттар үчүн салык боюнча жеңилдиктерди берүүнү көздөп жатат. Өлкөнүн жаңы жашоочулары салыктын жарымынан жети жылга чейин бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Reuters порталы жазды. 

Бул кадам көп жылдан берки өлкөдөгү кризистен улам кабыл алынган. Мунун кесепетинен Грециядан 800 миңге жакын адам чыгып кеткен. Өлкөнүн министрлер кабинетинин жетекчиси коронавирусаралыктан иштөөнүн натыйжалуулугун көрсөттү жана салыктык жеңилдиктер санариптик мигранттарды кызыктырат деген пикрин билдирди.  

Азыркы учурда Грецияда кимдин кирешеси жылына 40 миң евродон ашса, анын 44% салыкка төлөө милдети бар.