«Группа К51» 20 миң облигация чыгарат

22 декабря 2022, 15:20

"Группа К51" акционерлеринин кезексиз жыйынында 20 000 облигация чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Суммадагы облигациялардын баасы 20 миллион сомду түзүп, жүгүртүү мөөнөтү 36 ай болоору такталган.

Ошондой эле номиналдык пайыздык облигациялардын эмиссиясынын проспектисин жана аларды сунуштоо шарттарын бекитүү чечими кабыл алынды.