Май айында жүк ташуу дээрлик 69%га өстү

28 июня 2022, 10:35

Ушул жылдын май айында жүк ташуу өткөн жылдын май айына салыштырмалуу 1,2 миллион тоннага же 68,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтында маалымдалды.

2022-жылдын беш айында транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4 миллион тоннага же 45%га өстү.

Жүк ташуунун негизги көлөмү (69%га жакыны) жеке ишкерлерге туура келген.

Республиканын бардык аймактарында жүк ташуу көлөмүнүн өсүшү белгиленди. Автомобиль транспорту жүк жеткирүүнүн эң кеңири таралган түрү (461,6 млн. тонна-километр), андан кийин темир жол транспорту (415,6 млн. тонна-километр) турат.

Жук ташуу менен катар жургунчулерду ташуу да осту. Январь-май айларында алар 12,3 миллион адамга, же 6,8%га көбөйгөн.