Кыргызстанда жүк ташуу көлөмү 31,6%га өстү

6 января 2023, 09:00

Өткөн 2022-жылдын январь-ноябрь айларында транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 9,6 миллион тоннага же 31,6 %га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ага ылайык, 2022-жылдын ноябрь айында өткөн жылдын ноябрь айына салыштырганда транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 600 миң тоннага же 15,8 %ке көбөйдү. Ал эми мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок. 

Мында жүктөрдү автомобиль ташууларынын негизги көлөмү (68%дан ашыгы) жеке ишкерлерге туура келген.