Финансы полициясы бирдиктүү депозиттик эсепке 12 млн. сом которду

17 сентября 2019, 16:25

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 11.9 млн. сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирет. 

Каржы министрлигинен бул эсепке которулган акча каражаттын жалпы суммасы 807 млн. сомду түзөт. 

Буга чейин бирдиктүү депозиттик эсепке УКМК – 19.8 млн. жана Башкы прокуратура – 17 млн. сом которгон.