«Ынтымак» конушунан күйүүчү майды мыйзамсыз саткан түйүн табылды

13 ноября 2019, 10:36

Бишкек шаарындагы «Ынтымак» конушунан күйүүчү майды мыйзамсыз саткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет. 

 Маалыматка ылайык, 12-ноябрда күйүүчү майды мыйзамсыз саткан түйүн табылган. Жүргүзүлгөн текшерүүдөн улам, 2 тоннадан ашык дизелдик күйүүчү майдын эч кандай уруксат кагаздары жок болуп чыккан. 

Каржы полициясы  жарандардан мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү май тууралуу маалыматы болсо, төмөнкү дарекке кабарлап коюуну өтүнөт: 

Бишкек ш., Манас проспектиси, 101/1, тел.: 0(312) 323-091, 323 707.