Таласта 6 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандар кармалды

20 декабря 2019, 10:05

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кызыл-Адыр айылына кире бериште «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү маалында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 6 тонна бензин табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Унаа айып короосуна киргизилди.