ЖАМК 13.8 млн сомго көмүр сатып алат
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы көмүр сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Тендердин суммасы 13 млн 893.5 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, 3 миң 755 тонна көмур сатып алуу мерчемделүүдө.