Бажы кызматы 600 миң сомду каралбаган чыгымдарга жумшаган

12 марта 2019, 16:21

Аудит бюджеттин аткарылышында   каражаттардын жетишсиздигин аныктаган. Кыргызстандын бажы кызматы  600 миң сомду  каралбаган чыгымдарга  короткону аныкталды. 

Муну менен катар республикалык бюджетке  ижара акылары  371.6 миң сом  каражаттар  казынага түшкөн эмес.

«Мамлекеттик бажы кызматында автоматташтырылган  каттоонунун жоктугу, бажы төлөгөн тарап менен  актыларды салыштырууга мүмкүн болбой жаткандыгы  бажы  кызматындагы жалпы эсептөө системасынын жоктугу аныкталган. Текшерүүнун жыйынтыгы боюнча баардык кемчиликтер жолюлууга тийиш» — деп билдирет КР Эсептөө палатасы.