МБК: Бажы кызматын санариптештирүү коррупциялык схемаларга бөгөт койот

15 ноября 2019, 14:40

Бажы тутумдарын санариптештирүү коррупциялык схемалардын азайышына шарт түзөт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынын стат-катчысы Жаманак Мусурканов билдирди. 

Видеобайкоолорду орнотуу менен бирге, тышкыэкономика ишмердүүлүгүнүн катышуучуларына электрондук кезек күтүү киргизилген. Бул бажы кызматтарын күтүү убактысын азайтууга жардам берет жана коррупцияны жоюунун бирден бир жолу деп айтылат маалыматта. 

Андан сырткары, МБК электрондук төлөм дагы ишке ашырылган. 

«‎Бишкек транс сервис» кызматынын бажы каттоо ордунда Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген: дары-дармек, эмерек, тиричилик техникалары, жабдыктар, курулуш материалдары, тестиль продукциялары, жуугуч каражаттар, косметика, дипломатиялык жүк жана КР Салык кодексинин 259-беренсине ылайык товарлар импорттолот.