Салык кызматы тамекини мыйзамсыз саткандарды аныктады

4 мая 2021, 16:30

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаарындагы кызматкерлери тамеки өнүмдөрүн мыйзамсыз саткандарды аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Жалпысынан, мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 4 миң 54 куту тамеки алынган.

Чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.