Ноокендик жаран 3 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып келе жаткан  жеринен кармалды

23 января 2020, 13:15

Ош облусунун Ноокен районуна караштуу Кок-Жар айлында Ы.Б.А. аттуу жаран  «Мерседес-Бенц 412» үлгүсүндөгү автоунаасы менен  168 000 пачка  «Orbit» маркасындагы сагызды эч кандай уруксат документтери жок ташып келе жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.  

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунааны  текшерген учурда  мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 000 пачка «Orbit» маркасындагы сагыз табылган.

Эксперттин берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 3 024 000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.