Аткезчилик. «Торугарт» өткөрмө пунктунан  3 млн сомдук товар кармалды

17 января 2020, 13:00

Нарындагы  «Торугарт» өткөрмө пунктунан, бажы кызматкерлер 5.1 тонна декларацияланбаган жумушчу кол капты өткөрүп бара жаткандарды кармашты. Бул тууралуу МБК басма сөз кызматы билдирди. 

Жумушчу кол кап 170 капка (102 миң түгөй) салынып, КЭР алынып келе жаткан. 

Орточо эсеп менен бир кол каптын баасы 30 сом турат. Алынып келе жаткан товардын жалпы суммасы 3 млн сомду түзөт.