840 килограмм укусус кислотасын мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды

18 декабря 2019, 17:45

 Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 840 килограмм 80 пайыздык  уксус кислотасын уруксаат документтери жок ташып келе жаткандар кармалган. Бул тууралуу МБК басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган товар Бишкек шаарындагы «Ф.М.Л» ЖЧК тийиштүү болгон. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.