1800 уюлдук телефонду мыйзамсыз ташып алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

14 октября 2019, 13:30

Ош шаарында 2019 – жылдын 4 – октябрында Мамлекеттик Бажы кызматынын ыкчам тобу, У.уулу Ж. аттуу  КР жаранынын башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Унаанын ичине текшерүү жүргүзгөн учурда мыйзамсыз ташылып келе жатканы уюлдук телефондор табылган: 

1. Maxvi C20 – 1450 шт.

2. Maxvi C3 - 120 шт.

3. Inoi 108 R – 250 шт.

4. Nobby 330T – 40 шт.

5. Led Lighed Makeup Mirror – 30 шт.


Товарлардын жаслпы баасы 1 млн. 540 миң сомду түзгөн. Айдоочуда товарга карата тийиштүү документтер жок болуп чыккан. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.