Айып пул төлөбөгөн автоунаалар атайын токтотуучу жайга жеткирилет

17 февраля 2020, 15:15

Бишкекте бир айдан ашуун жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөгөн 20 айдоочу укук коргоо органдары тарабынан аныкталды.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, айып пул төлөбөгөндөр атайын жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгынан улам билинген.  Мындан сырткары, жол эрежесин бузган 4.1 миңден ашууна айдоочулар аныкталды. 

Эске сала кетсек, айып пул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан онлайн билүүгө болот.