ИИМ 14 млн сомго ылдамдык өлчөгүч сатып алууну пландоодо

8 ноября 2021, 14:51

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаалардын ылдамдыгын өлчөгүч сатып алууга тендер жарыялады. Тендер тууралуу кулактандыруу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Башкармалык ылдамдыкты өлчөөчү прибор сатып алууга 14 миллион сом сарптоого даяр.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын талабына ылайык, аппарат түнкүсүн иштеп, ылдамдыкты бузган адамдын сүрөттөрүн эс тутумда сактоого тийиш.