«Халык Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

30 января 2021, 09:00

«Халык Банктын» башкаруу өкүлү Айкын Кабулова жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Буга ылайык, директорлор кеңеши башкаруу өкүлчүлүгүнө Алия Чыныбаеваны дайындашты. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунда маалымдалат. 

Белгилей кетсек, буга чейин Алия Чыныбаева «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Андан сырткары, Алия Орто Азиядагы VISA регионалдык менеджери болуп эмгектенет.