«Халык Банк» 2020-жылы дээрлик 185 млн сом киреше тапты

5 апреля 2021, 10:00

2020-жылдын жыйынтыгына ылайык, «Халык Банктын» Улуттук банктын талабына жараша бекитилген таза кирешеси 185 млн 246.6 миң сомду түздү. Бул тууралуу банктын жылдык жыйынында маалым болду. 

 

Кирешенин 99.9% «Халык Банктын» бөлүштүрүлбөгөн пайдасына калтыруу чечими кабыл алынды, 0.1% — 185,22 миң сом өлчөмүндөгү пайдадан капиталдык резервди түзүүгө жөнөтүлдү. 

«Халык Банктын» 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгындагы дивиденддер төлөнбөйт», — деп билдиришти банктан. 

 

Ал эми 2020-жылда түшкөн кирешенин 223 млн 625 миң 693 сомун банктын  бөлүштүрүлбөгөн пайдасында калтыруу чечими кабыл алынды.