Жапаров: 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти

4 апреля 2022, 11:10

Былтыр Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү.

“Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган. Кийинки жылга 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатам. Коррупцияны жок кылсак, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды токтотсок бул көрсөткүчкө жетебиз”, - деди мамлекет башчы.

 

Маалымдама: Консолидацияланган бюджет - бул болжолдоодо, эсептөөдө жана талдоодо колдонулуучу тиешелүү аймактагы бардык деңгээлдеги бюджеттердин жыйындысы.