Чаткалда 9 млн сомго ипподром курулууда

6 сентября 2021, 13:20

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алгачкы жолу ат майдан курулууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Ипподромдо көрүүчүлөр үчүн бардык шарттар каралган. Учурда курулуш иштери жүрүп, орундуктар коюлууда.

Курулушка жергиликтүү бюджеттен тогуз миллион сом каражат бөлүнгөн. Аны быйылкы жылдын ноябрь айында бүтүрүү мерчемделген.