Химиотерапиялык дары сатып алууга дээрлик 80 млн сомго тендер жарыяланды
Улуттук онкология жана гематология борбору онкологиялык оорулууларды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн жалпы 80 млн сомго жакын суммага тендер жарыялады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-февралында жалпы наркы 60 миллион сомдон турган химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыяланган.
Ошондой эле, 2023-жылдын 1-мартында 19 993 817,38 сомго Жогорку технологиялар фонду аркылуу (2022-жылдагы калдык) химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыяланды.