I кварталда Кытайдан Кыргызстанга жеңил унаа ташуу 16 эсе өстү

4 мая 2023, 10:42

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды жеткирүү I кварталда 16 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Январь-март айларында Кытайдан Кыргызстанга 1696 жеңил унаа алынып келинсе, анын 996сы электромобилдер болгон.

Нарк жагынан алганда, импорт 20 эсеге өсүп, 44,6 млн. долларды түзгөн. 

“Кытайдан ташылып келген жеңил унаанын орточо баасы 21,2 миң доллардан 26,3 миң долларга чейин өстү”, - деп айтылат маалыматта.  

Эске салсак, 2022-жылдын  I кварталында 106 жеңил унаа келсе, алардын бардыгы электромобилдер болгон.