Талас – Тараз – Суусамыр  унаа жолуна Ислам өнүктүрүү банкы 50 млн доллар берет

15 мая 2023, 15:34

Талас – Тараз – Суусамыр  унаа жолун калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар берет.

Тиешелүү макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушууда кол коюлду.

Маалыматка ылайык, трассанын 104-чакырымынан 197-чакырымына чейинки тилкеси оңдолот. Бул участок долбоордун төртүнчү фазасы болуп эсептелет.