Кыргызстанда таза суунун тарифи өзгөрүшү мүмкүн

20 января 2023, 14:00

Ичүүчү сууга болгон тариф саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Жыйында президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору, маанилүү көйгөйлөр жана өкмөттүн алдыга койгон пландары каралды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы таза суу менен камсыз кылуу маселесине токтолду. 

“Ачык жерлердеги водозаборлордогу суул тоңуп жатты. Мен 3 күндөн бери мындай суу топтоочу жайларды жеринен көрүп келдим. Биз кийинки жылы бул проблеманы чечүүнүн үстүнөн иштейбиз. Ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алып, насосторду коёбуз. Быйыл ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж”,  - деди ал. 

Ошондой эле, ал Майлуу-Суу шаарындагы абалды айтып, муниципалитеттин курулмаларды тейлей албай жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. 

“Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Пластик бутылкалардагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок”, - деди ал.