Ички аскерлердин командачылыгы 9 млн сомго кийим сатып алат

12 апреля 2024, 11:21

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы мекемеси формалык кийим сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Мекеме 9 млн 710 миң сомго кийим сатып алууну пландоодо. 

Кызыктар тараптар тиешелүү табыштамаларды 17-апрелге чейин тапшырышы керек.