Ички иштер министрлиги шылуундардан сак болууга чакырат

14 марта 2024, 10:45

Ички иштер министрлиги шылуундардан сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, соңку кезде телефон аркылуу алдаган фактылар көп катталууда. Алсак шылуундар байланышка жарандын тууганы же күч органдары, саламаттык сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери катары чыгып, кырсыкка учураганы тууралуу кабарлап, курьерлерден акча жөнөтүүнү талап кылышууда.

Милиция мындай мүнөздөгү чалуулардан сак болууну, кабарды алгач жакындар менен байланышып тактоону суранат.