2019 - жылы айыл чарбанын жана балык чарбадагы ИДПнын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү

4 февраля 2020, 09:30

2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбанын, токой чарбанын жана балык чарбанын ички дүң продукциясынын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда 2018-жылдагы деңгээлге карата өсүш темпи 102,6% түзгөн.

Айыл чарбанын салыштырма салмагы ички дүң продукцияда 12,1% түздү. Айыл чарба өндүрүшүндөгү мал чарба продукциясынын үлүшү 47,3%, ал эми багбанчылык – 50,1% түздү.