Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети түзүлдү

22 июля 2019, 17:14

Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы  билдирди. 

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, Оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданийц иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р.Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

Азырынча, Көчмөндөр оюнуна канча акча сарпталары айтыла элек.