«Кыргызаэронавигация» ишканасынын мурдагы кызматкери кармалды

9 февраля 2023, 17:33

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Карим Бутабаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында ишенип берилген мүлктү кыянаттык менен пайдалануу, ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактыларын аныктагандыгы айтылат. 

“Кылмышка шектүү катары Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен Б. К. кармалды. Ал жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.