ИИМдин Күзөт кызматы 723 миң сомго концелярдык-чарба буюмдарын сатып алат

26 января 2023, 13:03

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы канцелярдык товарларды жана чарбалык буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, концелярдык товарлар 448, 785 сомго сатылып алынса, чарбалык товарлар 274, 385 сомго алынат. Товарларды жеткирүү келишимге кол коюлгандан тарта 3 жумуш күндүн ичинде жеткирилиши керек. 

Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 31-январда бүтөт.