Миллиардерлер рейтингинде Илон Маск Amazon компаниясынын ээсинен дагы ашып түштү

30 сентября 2021, 11:05

 

Илон Масктын байлыгы 201 миллиард доллардан ашты, бул ага миллиардерлер рейтингинде Amazonдун ээси Жефф Безосту (192,3 миллиард доллар) артта калтырууга мүмкүндүк берди.

Тесланын негиздөөчүсүнүн байлыгы 832 миллион долларга көбөйгөн, ал эми Безос 759 миллион доллар жоготкон.

Рейтингде үчүнчү орунда Louis Vuitton компаниясынын башчысы Бернард Арно турат - 175,7 миллиард доллар, андан кийин Билл Гейтс (129,6 миллиард доллар) жана Марк Цукерберг (121,5 миллиард доллар).