Илон Маск бир күндө 5 млрд долларга байыды

5 февраля 2020, 17:35

Tesla компаниясынын  башкы жетекчиси Илон Масктын дүнүйөсү бир күндүн ичинде 4,6 млрд долларга көбөйдү. Бул тууралуу Forbes Real-Time рейтингинин маалыматына шилтеме берип, ren.tv жазып чыкты.

Масктын капиталы 13,1 пайызга көбөйүп, күндүн мыкты көрсөткүчү болду.

Азыркы учурда Forbes Масктын дүнүйөсүн 39,3 млрд долларга баалоодо. Басылманын америкалык эң бай 400 адам тууралуу чыгарган маалыматынан бери Маск өз капиталын дагы 19,4 млрд долларга көбөйтүп, рейтингдин 24-сабында жайгашкан.

Tesla компаниясынын акцияларынын 38,6 млну (22 пайызы) жана өздүк SpaceX компаниясы  таандык болгон Илон Масктын дүнүйөсү аталган акциялардын өсүшүнүн арты менен көбөйүүдө. 3-февралга карата алар 20 пайыз кошуп, бир кагаз үчүн 780 доллар туруп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.